• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Күрөө 1 миң сом, шайлоо өткөрүүгө 500 млн сом кетти. Түшкөн жана коротулган каражаттар

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүүгө 425 млн 243 миң 531 сом жумшалды. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, референдумга карата даярдык көрүү жана өткөрүүгө 55 млн 642 миң 300 сом кетти.

“Бишкек жана Ош шаардык кеңешке депутат болом деген партиялардын шайлоо күрөөсү 50 миң сом, калган шаардык кеңештердики 20 миң сом, ал эми айылдык кеңешке талапкерлердин күрөөсү 1 миң сомду түзөт. Айылдык кеңешке биринчи жолу шайлоо күрөөсү киргизилди”, - дейт ал.

Баатырова кошумчалагандай, 10-апрелге чейин шаардык кеңештерге талапкерлердин шайлоо фондусуна жалпы 122 млн 531 миң 102 сом түшүп, 122 млн 337 миң 305 сом коротулду. Айылдык кеңештерге талапкерлердин шайлоо фондусуна жалпы 20 млн сом түшсө, 19 млн сом жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий