• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн айынан №58 мектепте электр өчүрүлдү – Түндүк электр

Коом 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Бишкек шаарындагы №252 шайлоо тилкесинин мүчөсүнүн этиятсыздыгынан электр жарыгы кыска убакытка өчүрүлдү. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, саат 10:55те №58 мектептеги №252 шайлоо тилкесинде электр жарыгынын өчүрүлүшү катталган. “Түндүкэлектр” ААК Батыш РЭСинин электр оңдоочуларынын ыкчам тобу жарыкты саат 11:00дө күйгүзүштү.

“Электр жарыгынын өчүрүлүшүнө шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн биринин этиятсыздыгынан узарткычтын суурулуп калышы себеп болгон”, -деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий