• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо мыйзамдары боюнча аялдардын Жогорку Кеңешке өкүлчүлүк мүмкүнчүлүгү талкууланды

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Бир Дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы менен преференциялык пропорционалдык тутум (партиялык тизме) боюнча талапкерлерди көрсөтүү, анын ичинде аялдар жана жаштар үчүн квоталоо маселелерин талкуулады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Талкууга КР БШК мүчөсү Кайрат Маматов жана КР БШКнын шайлоо процесси маселелери боюнча медиа эксперти Авланбек Жумабаев катышты.

Иш-чара бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү, мажоритардык тутум жана преференциялык пропорционалдык тутум (партиялык тизме) боюнча талапкерлерди көрсөтүү, анын ичинде аялдар жана жаштар үчүн квоталоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөчөлүктөр тууралуу коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатууга багытталган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык 54 депутат колдонуудагы пропорционалдык тутум боюнча ачык тизмелер менен шайланат.

Пропорционалдык тутум боюнча шайлоодо саясий партия 54 талапкерден ашпаган санда талапкерлердин тизмесин саясий партиядан көрсөтөрү мыйзамда каралган (60-берене).

Талапкерлердин тизмесин түзүүдө аялдар, жаштар жана ДМЧАлар үчүн төмөнкү өкүлчүлүк сакталат (60-берене):

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, анда талапкерлердин курамы жана аларды жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкер чыгып кеткен учурда, чыгып кеткен талапкердин катар номуру тизмедеги башка талапкер менен толтурулуусуна жол берилбейт.

Талкуунун катышуучулары айылдык кенештерде аялдардын мандаттарын резервге калтыруу механизминин, ошондой эле "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (2019-жылы 20-августта күчүнө кирген) кабыл алынышынын менен квоталарды сактоо үчүн мамилелрди бирдейлештирүүнүн натыйжасында жергиликтүү кеңештердин дегээлинде аялдардын өкүлчүлүгүнүн өскөнүн белгилешти. Аталган мыйзам төмөнкүлөрдү карайт:

1) айылдык кеңештердеги депутаттардын мандаттарынын 30% квотасын аялдар үчүн резервге калтырууну;

2) айылдык жана шаардык кенештерде депутат-аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандатты кийинки талапкер аялга берүүнү.

2021-жылы 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айылдык кенештин ар бир шайлоо округунда мандаттардын 30%дан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу алгач ирет колдонулду.

Ушул чаралардын натыйжасында мандат алган депутат-аялдардын саны 3 118ди же 37,86%ды түздү, ал эми 2016-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутат-аялдардын саны 933 мандатты же 10,8%ды түзгөн.

Талкуунун жүрүшүндө жаңы шайлоо мыйзамдары аялдарга берген мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдоону кеңейтүү 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча аялдардын өкүлчүлүгүн камсыздоого өбөлгө түзөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий