• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү

Президент 0

Бишкек, 02.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын (жумушчу тобунун жетекчисинин орун басары) жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жумушчу тобунун жыйынында төмөндөгүлөр талкууланды жана жумушчу тобунун мүчөлөрү айткан пикирлерди эске алуу менен жактырылды:

- жумушчу тобунун алкагында түзүлгөн төрт топчолордун ишинин натыйжасында иштелип чыккан 2018-2020 жылдарга карата Кыргыз Республикасынын шайлоолор
жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын долбоорунун милдети, көз карашы, көйгөлөрү жана стратегиялык максаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайлоочулардын добушун сатып алуу бөлүгүндө оңдоолорду киргизүүнү караган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодекси, Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
- ОБСЕнин колдоосу аркылуу “Жарандык платформа” коомдук уюму менен бирге 2018-жылдын 11-майында өткөрүү болжолдонуп жаткан Коомдук диалогдун
платформасы.

Пикир

Оставить комментарий