• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү маселесине арналган парламенттик угуу 3-июнда өтөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. 2019-жылдын 3-июнунда Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети депутаттар тобу тарабынан шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорунун топтомун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтөт.

Иш-чарага депутаттар, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, коомдук уюмдар менен саясий партиялардын өкүлдөрү катышат.

Орду жана убактысы: Жогорку Кеӊештин жыйындар залы, саат 10:00.

Парламенттик угуунун күн тартибинде төмөнкү мыйзам долбоорлору турат:

- «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын крнституциялык мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

- «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

- «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».

Пикир

Оставить комментарий