• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шайлоо процессин бузууга байланыштуу 119 учур боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө - Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Шайлоо процессин бузуу фактылары боюнча интернет булактарындагы, социалдык тармактардагы билдирүүлөр жана мамлекеттик органдарынын кайрылууларынын 119 учуру боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 1-сентябрында кабыл алынган чечимине ылайык Башкы прокуратурага шайлоо процессине байланыштуу арыздарды, даттанууларды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет-ресурстарда жарыяланган билдирүүлөрдү кароо тапшырмасы коюлган.

"Укук коргоо органдары менен биргеликте прокуратура органдарындагы штаб тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында жалпы 186 билдирүү иликтенген. Алардын 160 интернет булактарындагы жана социалдык түйүндөрдөгү макалалар, ал эми 26 мамлекеттик органдардан түшкөн кайрылуулар. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен алардын ичинен 119 учур Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, алардын 76сы жазык иши, ал эми 43 жорук иштери боюнча. Мыйзамга ылайык катталган материалдар сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүсү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө алар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирет Башкы прокуратура.

Ошондой эле, орун алган мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча жооптуу мамлекеттик жана жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдарына 65 прокурордук акт түзүлгөн: 9 сунуш, 43 талап жана 14 алдын-ала эскертүү. Учурда алар боюнча тийиштүү иш-чаралар алынып барууда.

Пикир

Оставить комментарий