• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шайлоо: Сөз бердиңби, аткарыш керек!

Аналитика 0

Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүттөө иштери расмий түрдө 10-сентябрда башталат. Жайы менен негизги талапкерлер партиялардын курултайларында өздөрүнүн саясий жана экономикалык милдеттерин угузушуп, добуш алуу үчүн даярдыктарды көрүп жатышты. Кээ бирлери ачык-айкын айтып атса, кээ бирлериники үстү жабык же түшүнүксүз болуп жатты. Ошентсе да, жалпы жолунан алганда, ар бир талапкердин шайлоочуларды эмне менен алаары белгилүү болду. Төмөндө мамлекет башчылыган ат салышкан саясатчылардын шайлоо алдындагы берген убадалары туурасында баяндама келтирилген.

Сооронбай Жээнбеков – социал-демократия жана азыркы президент тандаган жолдун улантуучусу

Башка талапкерлерден айырмаланып, КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков убадаларга сараң. Ошентсе да, КТРКга берген маегинде С.Жээнбеков социал-демократиялык идеологиянын негизи болгон социалдык мамлекеттин жактоочусу экенин айтты. Ошондуктан, С.Жээнбеков жана анын Өкмөтү бардык күчүн каржылоо жагын күчөтүп, социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жумшап жатат.

«Билим берүү тармагына 2010-жылы 12 млрд. 600 млн. сом гана акча каралган. Азыр мына 36 млрд. сомго чыкты. Биз дүйнөдөгү билим берүүгө каражат бөлүү жагынан 11 мамлекеттин катарына кирдик. 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы көлөмү 3,7 млрд.сомго чыкты. 2016-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 11 млрд. сомго көтөрүлдү. Бул чоң көрсөткүч. Быйыл дагы 6 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин киреше бөлүгү 8 млрд. 400 млн. сомго көбөйтүлдү. Салыкта 4,5 млрд. сомго көбөйдү. Эмки жылы бул көрсөткүчтү 10 млрд. сомго чыгарабыз деп жатабыз. Ошондой эле социалдык тармактарга каражатты көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Эгерде 2015-жылы соцтармакка 2,5 млрд. сом каралган болсо, 2016-жылы бул көрсөткүчтү 5 млрд. 400 млн. сомго чыгардык. Ооруканаларды, мектептерди, социалдык имараттарды, маданият үйлөрүн оңдоп-түздөп, азыркы шартка ылайыкташтырып, мугалимдерге, окуучуларга, врачтарга, келген биздин жарандарга жакшы шартты түзүп берели деп каржылоону көбөйтүп жатабыз. Быйыл да мына 6 млрд-дан кем болбойт. Азыр 5 млрд. 400 млн. болсо, 5 млрд. 800 млн. деп каралды. Биздин максат ошону 8 млрд. сомго жеткирүү,» - деп билдирген эле премьер-министр маегинде. Өкмөт башчысынын айтканы боюнча, врачтарга айлык акысын көбөйтүү маселеси да турат. Өкмөт тарабынан бул маселени чечүү үчүн өлкөдөгү абалды анализдеп, дарыгерлер жана медициналык кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат.

Мындан сырткары, Жээнбеков, региондордо көп иштеген адам катары, агрардык тармактагы көйгөйлөрдү чечүү жана ата-мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо маселесин маанилүү деп эсептейт. Өзгөчө басымды аймактарды алардын өзгөчөлүктөрүнө жана артыкчылыктарына карата өнүктүрүүгө жасайт. «Мына региондорду өнүктүрүүнүн концепциясын кабыл алдык. Буга 20 шаарды киргиздик. Аларды бирдей өнүктүрүп кеткенге каражат жетишсиз. Бирок, биз азыр ошол областык деңгеелдеги шаарларды биринчи кезекте өнүктүрүп, алгач элге кызмат көрсөтүүнү эң алдыңкы шаарлардагыдай, Бишкек, Ош шаарларындай деңгээлге жеткиришибиз керек. Ошондо ички миграция токтойт. Мындан сырткары бул шаарларда айыл-чарба продукциясын иштеткен ишканаларды өнүктүрүү үчүн каражаттар бөлүнөт»,- деп айткан Жээнбеков маегинде.

С.Жээнбеков ошондой эле мамлекеттик башкаруу түрүн тандап алды. Ал, баштаган багыттан баш тартууга жол жок, парламенттик республикага карай, башкача айтканда, Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүн жолу менен кетүү керек деген оюн билдирген. Премьердин ою боюнча, президенттик башкарууга өтүү – кайрадан эле авторитардык үй-бүлөлүк-кландык режимге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, С.Жээнбеков азыркы президент А.Атамбаевдин ички жана тышкы саясаттагы алган жолун улантуу маанилүү экенин белгилеген жери бар.

Сариевдин «кыргыз кыялы»

Экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты, «Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев президенттик орунга ат салышарын биринчилерден болуп февраль айында эле билдирген. Шайлоо алдындагы платформасын сунуштап жатып, Темир Сариев, улутту бириктирип, элдин руханий жактан кайра жандандырарын жана реформа өткөрөөрүн убада кылган.

Т.Сариев, эгерде президент болуп калса, «кыргыз кыялын» - ар-бир жараан үчүн татыктуу айлык, коопсуз жашоо, чет өлкөдө эмес Кыргызстанда бактылуу жана өз өлкөсү менен сыймыктана турган жашоо менен камсыз кыларын убада кылган. «Кийинки 6 жылда 26 жылдан бери жасай албаган көп нерсени ишке ашыруубуз керек. Бул мүмкүн болобу? Болот деп ишенем. Биз жасай алабыз жана жасоого милдеттүүбүз», - деп айткан талапкер.

Ар-бир үй-бүлөө эки эсеге байыйт

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика - Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун берген убадалары депутаттын ишинин негизги багыттарын аныктаган программанын алкагында болду. Талапкер өлкөнү бир канча багытта өнүктүрөөрүн билдирди.

«2023-жылга карата ар-бир кыргыз үй-бүлөсү эки эсеге бай болот деп мен өзүмө так милдеттенме алам!», - деп убада берген Ө.Бабанов. Жакынкы алты жылда Кыргызстанды аймактын лидери гана эмес, гүлдөп өнүгүп жаткан 10 өлкөнүн катарына (Prosperity Index боюнча) киргизерин айткан жери бар.

Экинчиден, мамлекеттик башкаруу түрүн аныктоо боюнча Өмүрбек Бабанов, өлкөдө бийликтин бир субъекти болушу керек, ал – республикада болгон бардык нерсеге толук жана жеке жоопкерчиликти алышы керек, ал көйгөйлөрдү чечүү үчүн кенен ыйгарым укугу болуп, эл алдында жооп бериши керек деген. «Бул маселе коомчулуктун талкуусуна чыгарылат. Президенттик республика болобу же парламенттикпи, эл референдумда өзү чечиши керек. Кыргызстан өзү башкаруу түрүн тандамайын, жакшы болбойт», - деген талапкер. Ошону менен бирге эле Ө.Бабанов ЖК депутаттарынын санын кыскартарын да убада кылган жери бар.

Кортеж президентке керек эмес

Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев, 44 жашына чейин бир канча ирет парламентке шайланып, КР Өзгөчө кырдаал министрлигин башкарган. Эми президенттик амбицияларын ишке ашырууну көздөп жаткан мезгили. Эгерде президент болуп калса, чектөөлөрдү коймокчу болуп жатат. "Эс алуу жана тамакка бөлүнгөн каражаттардан баш тартып, ишке эрте барып кеч кетип, шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпоо үчүн президенттик кортежди колдонбойм", - деп убада берди.

Ал эми мамлекеттик түзүлүштүн модели туурасында Б.Төрөбаев Кыргызстанга парламенттикке караганда президенттик башкаруу түрү туура келерин айтты.

Талапкердин дагы бир убадасы – жаштарды колдоп, Финляндиядагыдай билим берүү системасын киргизип, Швециянын жолдорундагыдай коопсуздукту камсыз кылмакчы.

«Төртөөнүн» партиясы

Эксперттердин айтымында, эгерде жаңы түзүлгөн «төртөөнүн» (азырынча бул саясий курамдын расмий аталышы жок) атынан Бакыт Төрөбаев жалгыз талапкер болуп чыга келсе, анда анын шайлоо алдындагы платформасы – жаңы убадалар менен толукталышы да мүмкүн. Партиялардын талапкерлери Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев кошулуу туурасында келишимге кол коюшуп, жарыя кылганына бир топ убакыт болду. Бирок, бул биримдикти түзүүдөн мурда ар-бири өзүнчө президенттикке талапкер болуп чыгып, убадаларын бергенге жетишип калган эле.

«Ата-Журт» партиясынан талапкер КР ЖК экс-спикери Ахматбек Келдибеков Башмыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгаарын жана Элдик курултай институтун киргизүүнү убада кылганы маалым. Келдибековдун ою боюнча, бул коомдук орган «салтты улантуу үчүн эмес, бийлик менен элдин ортосундагы жандуу байланыш, өткөндөн жыйынтык чыгарып, келечектин стратегиясын иштеп чыгуу үчүн бир мүмкүнчүлүк». Бул талапкер мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүгө ниеттенүүдө. Анткени, "өкмөттүн курамын өзгөртүү менен абал өзгөрбөйт", дейт ал. "Президенттикке ат салышуудагы негизги максаты – элдин жашоо сапатын жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүү", деп айткан А.Келдибеков.

«Ата-Журт» партиясынын дагы бир талапкери, партиянын жетекчилеринин бири, мурунку депутат - Камчыбек Ташиев. Шайлоо алдындагы платформасында ал жаңы жумушчу орундары менен камсыз кылып, эмгек миграциясын, укук коргоо жана сот органдарын кыскартарын билдиргени маалым.

Конструктивизмби же популизмби?

Айрым эксперттер талапкерлердин шайлоо алдындагы берген убадаларын сулуу куюлушкан сөздөрдүн канчалык чындыкка жакын экенин айырмалай билүү керек дейт. Талапкер менен шайлоочунун ортосунда жарандык-укуктук келишим түзүлүп жатканда, коомчулукта алардын бири-бирине болгон жаңы мамилесин калыптандырган саясий маданият жетилиши керек. Жарандар талапкер көксөгөн орунга жеткенден кийин берген убадаларынын аткарылышын көзөмөлдөшү керек. Болбосо, отставкага кетүүгө же болбосо, башка жоопкерчиликке тартылууга даяр болушу керек. Тилекке каршы, азырынча мындай деңгээлге жете элек.

Жогоруда айтылган баяндамада социал-демократтардан сунушталган талапкерден башкасы кыргызстандыктарга жаннатагы жашоону да убада кылууга даяр экен. Эми, үмүттү үзбөгөндөн башка арга жок.. Аты аталган талапкерлердин баары мурда мамлекеттик кызматтарда иштесе да, учурунда эмнегедир карапайым калкка кам көрсөтө алган эмес. Тескерисинче, кээ бири паракорчулуктан шектелип кызматынын кеткен болсо, айрымдары ишин жакшы алып бара албаганы үчүн айыпталган. Ошентсе да, президенттик шайлоо баарын орду ордуна коюшу керек.

Эми эл Европанын өнүгүүсүнө зор таасирин тийгизген парламенттик башкарууну, же кыргызстандыктардын эсинен кеткис болгон Акаев жана Бакиевдердин убагындагы президенттик башкарууну тандайбы - өзү чечиши керек. Шайлоонун жыйынтыгы менен бул маселе коомчулукка даана көрүнөөрү бышык. .

Жеңиш Асанов,

атайын "Кабар" үчүн

Пикир

Оставить комментарий