• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Шайлоо штабы: Бишкектеги бардык шайлоо тилкелери даяр

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында 2021-жылдын 11-июлунда боло турган Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоого даярдык көрүүдө Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына жана Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Штаб Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин жана Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы дайындалган төрагасы Айбек Стамовдун жетекчилиги алдында өтүп, ага калаанын вице-мэрлери, район акимдери, муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын, Чүй юстиция башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар шайлоо участкаларынын даярдыгы жөнүндө вице-мэрлердин жана район башчыларынын отчетторун угушту.

Штабдын жыйынтыгында райондордун башчыларына бекитилген кызматтар менен биргеликте күйүүчү-майлоочу майлар менен толтурулган генераторлорду шайлоо участкаларынын имараттарына туташтыруу графигин бекитүү жана даярдоо тапшырылды.

Шайлоо административдик ресурстарсыз, ошондой эле жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун сактоо менен ачык-айкын өткөрүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий