• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоо тилкелери 2 миллиондон ашык коргоочу каражаттар менен камсыз болгон — Бекматов

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өлкө аймагындагы шайлоо тилкелери 2 миллиондон ашык коргоочу каражаттар менен камсыз болгон. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШК мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда тиешелүү иштерди аткарды.

“Шайлоо комиссияларын түзүүдө, үгүт иштеринин жүрүшүндө жана добуш берүүдө коопсуздукту камсыздоо боюнча бир топ уюштуруучулук иштерди аткардык. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жеке коргонуучу каражаттар, антисептиктер берилди. Жалпы 2,5 миллиондон ашык беткап, антисептик, кол кап, коргоочу кийимдер 2 миң 483 шайлоо тилкесине жиберилген”, - дейт ал.

Бекматов БШК Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирге шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн тартиби боюнча алгоритм иштеп чыканын айтат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий