• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Шайлоо тилкелери жайгашкан мектеп, бала бакчалар эртең иштебейт – Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 15.10.17 /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Шайлоо тилкеси жайгашкан бир катар Кыргызстандын мектеп, бала бакчалары эртең, 16-октябрда иштебейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкектин санитардык-эпидемиологиялык органынын эскертүүсү боюнча, массалык иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин, билим берүү мекемелеринде санитардык-тазалоо иштери жүргүзүлүшү керек.

Иштебей турган мектеп жана бала бакчалардын тизмеси такталууда.

Окуу процесси 2017-жылдын 17-октябрында кайрадан жанданат.

Эске сала кетсек, ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуу тартиби шайлоого өткөрүүгө байланыштуу үзгүлтүккө учурабайт.

Пикир

Оставить комментарий