• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Шайлоо тилкелеринде байланыш жабдуулары туруктуу иштеп жатат - Кыргызтелеком

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Кабар/. Бардык шайлоо тилкелеринде телефондук байланыш жана интернет туруктуу иштеп жатат, - деп билдирди “Кыргызтелеком” ААК.

Компаниянын маалыматы боюнча анын бардык филиалдарында авариялык-калыбына келтирүү бригадалардын адистери нөөмөттө турушат. Алар кайсы учур болбосун жерине барып, бузулууларды оңдоого даяр.

Белгиленгендей, шайлоонун аягына чейин байланыш адистери атайын режимде иштешет. Шайлоо учурунда компаниянын адистери байланыш түйүндөрүнө деталдык мониторинг жүргүзүшөт: шайлоо тилкелериндеги жабдуулардын иштөөсү, байланыш, телефон линиялары тыкыр көзөмөлдөнөт.

Пикир

Оставить комментарий