• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шайлоо жана референдум. Ошто милиция кызматкерлери шайлоо тилкелерине бөлүнүштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Кечээ, 8-апрелде саат 8:00дөн тартып Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шайлоо тилкелерине бөлүнүштү.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери Ош шаардык борбордук шайлоо комиссиясынан алынган бюллетендерди шайлоо тилкелеринде күнү-түнү кайтарууга алышат.

“Шаардагы бардык 78 шайлоо тилкелерине бөлүнгөн милиция кызматкерлери шайлоо комиссиясынын төрагалары жана мүчөлөрү менен биргеликте бюллетендерди участкаларга жеткиришет”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт.

Пикир

Оставить комментарий