• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шайлоо жана референдум. Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алгоритм иштелип чыккан

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президенттик шайлоо жана референдумга добуш берүү күнүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алгоритм иштелип чыккан. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги БШК менен биргеликте 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо жана референдум өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун COVID-19дан сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккан.

"Шайлоочуларга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө 5 миңден ашуун медициналык кызматкерлер тартылган. Ар бир шайлоо участкасында медициналык кызматкерлер 2 нөөмөттө (8:00дөн 14:00гө чейин, 14:00дөн 20:00гө чейин) бекитилген. Ошондой эле бардык шайлоо тилкелеринде кезекчи (дежурный) медициналык кызматкерлер жана тез жардам унаасы зарыл учурда ыкчам медкызмат көрсөтүү үчүн бекитилген. Мындан тышкары, ооруканалардагы оор абалдагы бейтаптардын жана соматикалык оорусу бар бейтаптардын тизмелери жергиликтүү шайлоо тилкелерине берилди", - дейт ал.

Бейшеналиев ар бир саламаттыкты сактоо уюмунда шайлоо мезгилинде медициналык камсыздоону уюштурууга жооптуу адамдар дайындалганын айтат.

"Бардык стационардык мекемелерде жаракат алган жана оорулуу адамдарды тезинен ооруканага жаткыруу, квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн орундуктардын резерви каралган, дары-дармектер, таңуу материалдары, медициналык буюмдар, кан жана анын компоненттери, антисептиктер жана дезинфекциялоочу каражаттар даярдалды. Бардык шайлоо тилкелеринде социалдык аралыкты сактоо, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук эрежелери (COVID-19, грипп, ОРВИ) тууралуу маалымат стенддери жана байланышсыз термометрлер менен камсыздалды", - деди министр.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча сунуштары:

- Алгач, шайлоо участогуна кирерден мурун беткап кийип алыңыз;

- шайлоо тилкесинде жүргөндө, идентификациялоодон өтүү учурунан тышкары беткапты чечпеңиз;

- айлана-чөйрөдөгү объектилер менен контактта болгондон кийин: эшиктин туткалары, столдор жана башка нерселер, антисептикалык каражат менен колуңузду тазалаңыз;

- мекеменин ичинде жана сыртында кеминде 1-1,5 метр аралыкты сактаңыз;

- өзүңүз менен балдарды алып келбеңиз;

- эгер сизде курч респиратордук вирустук инфекциянын жана грипптин, анын ичинде COVID-19дун белгилери бар болсо, бирок 10-январда добуш берүүнү кааласаңыз, шайлоого саат 18:00дөн кийин катышуу сунушталат.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.

Пикир

Оставить комментарий