• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шайлоо жана референдумдун заманбап техникалардын жардамы менен өтүүсү ачык-айкындуулукту шарттайт – ИКУ байкоочулары

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда шайлоо жана референдумдун заманбап техникалардын жардамы менен өтүүсү ачык-айкындуулукту шарттайт. Бул тууралуу брифинг учурунда Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар делегациясынын башчысы, шайлоолорду көзөмөлдөө тармагынын жетекчиси Махмуд Шакир билдирди.

Ал Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы кечээ Кыргызстанда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөрүүгө көзөмөл жүргүзүшкөнүн билдирди.

“Миссия Бишкек шаарындагы бир нече шайлоо тилкесине барып, өнөктүктүн жүрүшүнө көзөмөл жүргүздү. Ошондой эле биз добуштарды эсептөөгө дагы катыштык. Байкоочулар жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум КРнын шайлоо мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык уюшулганын белгилешүүдө”, - деди ал.

Мындан тышкары, Шакир Махмуд Бандар шайлоо тынч өткөнүн белгиледи.

"Шайлоо жана референдум жарандардын биометрикалык маалыматтарын, автоматтык эсептөөчү урналар сыяктуу жаңы технологияларды колдонуу менен менен өттү. Мындай жаңычылдыктарды пайдалануу шайлоонун таза, ачык-айкын өтүшүн шарттайт деп эсептейбиз. Ошондой эле шайлоо тилкелеринде коронавирус инфекциясын жуктуруп алуунун алдын алуу боюнча бардык чаралар көрүлгөн экен, санитардык эрежелер жана социалдык аралык сакталып жатты”, - деп баса белгиледи ал өз сөзүндө.

Аягында ал жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумду ийгиликтүү өткөрүп алганы үчүн КРнын өкмөтүн жана кыргыз элин куттуктады.

“Биз Кыргызстанда шайлоонун ийгиликтүү өтүшү өлкөнүн өнүгүүсүн жана демократиялык процесстер менен бекемделишин шарттайт деп ишенебиз”, - деди сөзүн жыйынтыктап атып.

Пикир

Оставить комментарий