• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган - Мамкаттоо

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган. Бул тууралуу брифинг учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

Ал шайлоонун биринчи тизмесине 3 млн 544 миң 403 жаран киргенин айтат.

"18-декабрдагы тизмеге 3 млн 556 миң 865 жаран, акыркы 2021-жылдын 2-январындагы тизмеге 3 млн 563 миң 574 жаран катталган", - дейт ал.

Мамбеталиев белгилегендей, 20-ноябрдан 31-декабрга чейин Каттоо кызматынын кызматкерлери дем алышсыз кечки саат 8ге чейин иштеген.

Ошондой эле Мамбеталиев белгилегендей, бүгүн, 10-январда Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү кечки саат 20:00гө чейин иштейт.

"7-10-январь күндөрүндө да жумуш үстүндө болушту. Анткени №2 форманын жоюлганынан улам кайрылган жарандардын саны өстү. Бүгүн дагы кечки саат 8ге чейин иштейт. Паспортун (ID-карт) алганга жетишпей калган жарандар кечкиге чейин каттоо кызматынын бөлүмдөрүнөн ала алат", - дейт ал.

Каттоо кызматынын төрагасы 119 ыкчам номери иштеп жатканын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий