• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Шайлоочулардын тизмеси жана 115 миң сом. Ошто добуш сатып алууга аракет кылды делгендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Ошто добуш сатып алууга аракет кылды делгендер кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-июлда, саат 11:37лер чамасында милицияга «шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» болуп жаткандыгы маалымат келип түшкөн.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аталган ишке шектүү делип Ош шаарынын үч тургуну кармалган. Алардын биринин жанынан 115 миӊ сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан.

Тергөө кызматына алынып келинген жарандар келе жаткан шаардык кеңешке кайра шайлоого катышып жаткан бир партиянын тарапташтары болушкан.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 192-беренесинин белгилерине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир

Оставить комментарий