• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоочуларга белгиси бар бет каптар таратылууда. Маалыматтын чын-жалганы текшерилүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде Ички иштер министрлигине жалпы 12 маалымат түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, жер-жерлерде документтештирүү топтору иштеп жатат.

“Белгиси бар бет каптар таратылып жатканы боюнча маалымат түшкөн. Ал текшерилүүдө”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий