• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоодо 3%-5% алган партияларга атайын квота – 5 мандат берилиш керек – депутат Төрөбаевдин пикири

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 16.0519 /Кабар/. Парламенттик шайлоодо 3%-5% алган саясий партияларга атайын квота – 5 депутаттык мандат берсе туура болот. Мындай сунуштар болуп жатканын "Өнүгүү – Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев маалымат жыйында билдирди.

Депутат айтымында, жакында парламенттин кароосуна "КР президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору киргизилген.

Төрөбаев квотаны – беш депутаттык мандатты бекитип берүү демилгеси сунушталып жатканын айтып, "чын-чынына келгенде, шайлоочулардын 60-100 миӊ добушун алган партиялардын парламентке келбей калышы акыйкаттыкка жатпайт", – деп кошумчалады.

Төрөбаевдин айтымында, кыргыз парламентинде калктын калыӊ катмарынын кызыкчылыгын коргой турган эл өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылуу жана бирин-экин эле саясий топтордун үстөмдүүлүгүн орнотпоо максатында, депутаттык мандатты алууга катышуу үчүн саясий партияларга шайлоочулардын 9 % добушун 5% чейин төмөндөтүү демилгеси сунушталууда, - деп билдирди ал.

Ошондой эле айтылган мыйзам долбоорунда парламенттик шайлоолордо админстративдүү ресурстардын пайдаланышына бөгөт коюу механизмдери да сунушталып жатканы белгилүү болду.

"Мыйзам долбоорунда аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы жонунан 26 иш-чараны жүргүзүүсүнө тыюу салуу демилгеси сунушталды. Анын ичинде шайлоо өнөктүгүнүн учурунда эмгек акыларды көтөрбөө, саясий партияларга акысыз бөлүнгөн теле көрсөтүү убактысынын 3/2 бөлүгүн теледебаттарга арноо сындуу жоболор камтылды", - деди Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий