• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Шайлоодо биометрикалык сүрөт идентификациясы колдонулат - МКК

Коом 0

Бишкек, 14-июнь /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Президенттик шайлоодо шайлоойчуларды биометрикалык сүрөт боюнча дагы идентификациялайт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 2017-жылдын 28-майында өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бул ыкма колдонулган.

Алардын айтымында “жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 200 миңден ашык адам келген. Биометрикалык сүрөт менен окшоштуруу ыкмасы, шайлоочу бармак тагы менен табылбай калган учурда колдонулат”.

Учурда Мамкаттоо кызматында шайлоону өткөрүүгө ылайыкташылган бардык жабдыктар бар экендиги айтылат.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, туура эмес ПИН менен берилген 12 миң паспорт ээсинин маселеси ЖК да каралып, биринчи окууда кабыл алынган. Парламент жарандардын туура ПИН алуусуна шарт түзүү максатында мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунушташкан.

Тактай кетсек, мыйзам боюнча ПИН жаранга бир эле жолу берилип, ал өмүр бою колдонулат. Аны алмаштырууга болбойт. Деген менен 12 миң жаранга мамлекеттик мекемелердин кетирген катасынан улам, туура эмес ПИН менен паспорт берилип калган. Буга ылайык, алардын чет өлкөгө чыгуусунда жана шайлоолордо добуш берүүсүндө маселе жаралып келет.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрына белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий