• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Шайлоодогу алдоо жолдору менен добуш сатып алуулар дагы коррупциялык көрүнүш — президент

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. "Шайлоодогу алдоо жолдору менен добуш сатып алуулар дагы коррупциялык көрүнүш, керек болсо андан дагы коркунучтуу көрүнүш", - деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отурумунда.

Президент өз сөзүндө билдиргендей, азыркы учурда кыргыз коомчулугуна жаңы идеология керек. Тактап айтканда, коррупцияга малынбаган чиновник, коррупцияга аралашпаган бизнесмен, коррупционерлерди жектөө жөнүндө идеология зарыл.

"Ошондо гана биз коррупцияны ооздуктап, аны жоюуга бет алабыз деп ойлойм. Кыргызстандын эли парламенттик шайлоо таза жана татыктуу өтөт деген ишенимде", - деп баса белгиледи президент Жапаров.

Өлкө башчысынын пикиринде паракорлук менен тууганчылыктын айынан мыйзамсыз жана адилетсиз өткөн шайлоо коомду бактысыздыкка гана түртөт.

"Удаа-удаа революциялардан чарчаган өлкөбүздүн тарыхындагы трагедиялуу окуяларды эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мындан ары Кыргызстандын ар бир жаранынын добушу уурдалбашы үчүн болгон күчүбүздү үрөп, бардык аракеттерди көрөбүз. Мен дагы, министрлер кабинети жана күч органдары дагы мындай мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн эң чечкиндүү чараларды көрөт деп элибизди ишендирип кетким келет", - деп сөзүн жыйынтыктады президент.

Пикир

Оставить комментарий