• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шайлоодогу бузуулар боюнча ИИМде 12 факты катталды - Орозалиев

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Азыркы тапта Ички иштер министрлигинде шайлоодо бузуулар боюнча 12 факты катталган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда республика боюнча 12 материал катталган. Алардын ичинен 2 факт – добуш сатып алуу, 2 – шайлоо тизмесинде жок болуу, 3 – ден соолукка залал келтирүү, 2 – сатып алуу-ташуу, 1 жашыруун добуш берүүнүн бузулушу жана 2 факты №2 формасы боюнча добуш берүүгө байланыштуу.

ИИМдин башчысынын орун басары жогоруда аталган кайрылуулар боюнча тиешелүү чараларды жүргүзүп жатканын баса белгиледи. Добуш берүүнүн аякташы менен ведомство кошумча маалымат берет.

“Тилекке каршы, денеге зыян келтирүү фактылары бар. Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарында үч факты катталды. Мунун баары шайлоо тилкелеринен тышкары өтүүдө жана шайлоо процессине кедерги тийгизген жок”, - деди Орозалиев.

Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов кандай болгон шартта да, булар шайлоо тилкесинде же тышкары өтүп жатса да, арызданган адамдар жана козголгон кылмыш иштери боюнча юридикалык жана укуктук баа берилерин билдирди. Алардын баары аягына чыгарылат.

“Жалпысынан 16:00гө карата республиканын аймагында кырдаал туруктуу”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий