• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Шайлоого катышкан 6 партияга шайлоо күрөөсү катары койгон 5 млн сому кайтарылышы мүмкүн

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Бүгүн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кайсы саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн төлөгөн 5 млн сом шайлоо күрөөсүн кайра алышы мүмкүн экенин айтып берди.

Анын айтымында, 16 партиядан 5 млн сомдон жалпы 80 млн сом келип түшкөн.

"Шайлоочулардын 5%дан ашыгынын добушун алган партияларга күрөөгө койгон акчалары кайтарылып берилет. Ал эми калган каражат республикалык бюджетке которулат", - деди ал.

Алдын ала маалымат боюнча, азырынча шайлоочулардын 5%дан ашыгынын добушун алган 6 партия бар.

Пикир

Оставить комментарий