• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шайлоого катышуу үчүн 16 миң 152 жаран электрондук арыз жазган - БШК төрайымы

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Шайлоого катышуу үчүн 16 миң 152 жаран электрондук арыз жазган. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 16-июлунан тарта шайлоочуларга электрондук кабинети аркылуу арыз менен кайрылуусуна шарт түзүлгөн.

"16 миңдин ичинен №1 форма боюнча 20, №2 форма боюнча 16 миң 132 жаран электрондук арыз менен кайрылган. Электрондук арыздарды 3 жолу бир жаран, 2 жолу 151, ал эми бир жолу 16 миң адам берген. Эң алгачкы арыз 7-августта келип түшкөн", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий