• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоого катышып жаткан 16 партиянын шайлоо фонддоруна жалпы 569,66 млн сом келип түшкөн

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Гүлнара Баатырова парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, шайлоо фондун каржылоодо депутаттыкка талапкердин фондго кошкон салымы 1,5 млн сомдон, саясий партиянын өзүнүн каражаты 100 млн сомдон, жарандардын ыктыярдуу салымы 200 миң сомдон, юрдикалык жактардыкы 3 млн сомдон ашпашы керек.

"Саясий партиялардын шайлоо фондунун каражаттары 300 млн сомдон ашпашы керек. Бүгүнкү күнү бир да партия ал чекке жеткен жок", - деди ал.

Ал белгилегендей, быйылкы парламенттик шайлоого катышып жаткан 16 партиянын шайлоо фонддоруна жалпы 569,66 млн сом келип түшкөн.

"Саясий партиялар ал каражаттын 557,05 млн сомун сарпташкан", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий