• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоого шайлоочулардын 45,54%ы катышты. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы - ким алдыда?

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Быйылкы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 45,54%ы же 1 млн 602 миң 562 шайлоочу катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, маалыматтар улам жаңыланып турарын белгилеп өттү. Учурда 2 миң 102 шайлоо тилкесинин эсептелген.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы (маалымат жаңыланып турат):

1. «Ата-Мекен» - 4,02%
2. «Бир-Бол» - 2,87%
3. «Биримдик» - 23,60%
4. «Замандаш» - 2,12%
5. «Кыргызстан» - 9,02
6. «Мекеним Кыргызстан» - 24%
7. «Мекеним Ынтымагы» - 0,65%
8. «Мекенчил» - 6,91%
9. «Ордо» - 0,22%
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» - 0,17%
11. «Республика» - 5,86%
12. «Реформа» 1,55%
13. «Социал-Демократтар» -2,07%
14. «Чоң Казат» - 2,37%
15. «Ыйман Нуру» - 3,37%
16. «Бүтүн Кыргызстан». - 6,97%
17. Баарына каршы - 1,78%

Пикир

Оставить комментарий