• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Шайлоону ачык-айкын өткөрүп, Кыргызстандын демократиялык жолдо баратканын көрсөтө алдык - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.10.17 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирүү жасады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Фракция лидери 15-октябрда болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо таза, ачык-айкын, демократиялык негизде өткөндүгүнө токтолду. “Шайлоону ачык-айкын өткөрүп, Кыргызстандын демократиялык жолдо баратканын көрсөтө алдык”,- дейт И.Өмүркулов. Шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өткөрүлгөндүгүн 58 өлкөдөн келген байкоочулар дагы белгилеп жаткандыгын кошумчалады.

Ошону менен катар, шайлоочулардын 55%на жакынынын добушуна ээ болгон КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду куттуктады.

Мындан сырткары, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды убактылуу көрүнүш катары баалап, Казакстан жетекчилерин күн тартибиндеги мындай курч маселени жайгарууга чакырып, эки боордош эл зыян тартпаса деген пикири менен сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий