• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шайлоону өткөрүүдө так алгоритм керек − Жаркын Бапанова, БШКнын мурдагы мүчөсү

Шайлоо 2020 0

Пандемия маалында шайлоо өткөрүү керекпи. Эгер өткөрбөш керек болсо ага кандай укуктук негиз бар? Эгер өткөрүү керек болсо эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоонун катышуучуларынын иш-аракети кандай болушу керек? Бул суроо менен биздин редакция эксперт, БШКнын мурдагы мүчөсү Жаркын Бапановага кайрылды.

- Жаркын Бапановна, азыр шайлоо өткөрүү керекпи?

- Арийне керек. Ал конституциялык мыйзамдын талабы. Аны пандемия учурунда кандай өткөрүү керек деген маселе турат. Шайлоодон кийин эпидемиологиялык абал начарлабашы үчүн жакшы алгоритм иштеп чыгуу керек.

- Шайлоого катыша турган партиялардын иш-аракети кандай болушу керек?

- Чынында, партиялар кандай иш алып барышы керек, үгүт иштери кандай болушу керек деген маселе турат. Мунун баарын жазып чыгуу зарыл.

Шайлоону өткөрүү – Конституциянын жана конституциялык мыйзамдын талабы. Биз Конституцияга баш ийишбиз керек.

- Айрым активисттер шайлоо өткөрбөө сунушун айтып жатат. Ал мүмкүнбү?

- Шайлоону өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режими киргизилген убакта өткөрүүгө болбойт. Азыр андай режим жок. Президент менен Борбордук шайлоо комиссиясы конституциялык мыйзамды жетекчиликке алууда.

Арийне эпидемиологиялык кырдаал өтө начар болсо – аны эч ким каалабайт – ал маселе республикалык штабга жана бийликке тиешелүү болот.

- Азыркы учурда үгүт иштер кандай жүргүзүлүшү керек?

- Жыйындар болбошу керек. Ал тууралуу сөз да болбошу зарыл. Үймө-үй кыдыруу аркылуу үгүт иштери да жарабайт. Эч ким талапкерлерге эшик ачып, сүйлөшпөйт болуш керек. Партиялар маалыматтык технологияларды колдонуп, маалыматтык сайттар аркылуу иштеп, Facebook, Instagram сыяктуу социалдык тармактарды колдонушу керек деп ойлойм.

- Интернет же интернетке акча жок алыскы айылдарда үгүт иштерин кантип жүргүзүү керек?

- Басма, аудиовизуалдык продукцияны таратуу аркылуу иштөө керек. Ал баракча, программа ж.б. Башка жол жок. Азыр 44 партия шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирди. Эгер алардын 25и каттоодон өтүп, эл менен жолугушуу өткөрө баштаса туура болбойт. Ошондуктан так алгоритм керек. Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштеринин форматын аныктап бериши керек. Тиешелүү эпидемиологиялык чаралар көрүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий