• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоону өткөрүүгө 500 млн сомдон ашык жумшалган

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 30.10.17 /Салтанат Абдраева - Кабар/. Президенттик шайлоону өткөрүүгө 500 млн сомдон ашык жумшалып, 170 млн сом үнөмдөлгөн. Бул тууралуу БШКнын пландаштыруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Эдил Үтүров билдирди.

Анын айтымында, президенттик шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 671 млн сом бөлүнгөн. Алардын 539 млн сому биринчи турду өткөрүүгө, 132 млн 49 миң 500 сому экинчи турду өткөрүүгө.

"Президенттикке ат салышкандардан БШКнын атайын эсебине 17 млн 650 миң сом шайлоо күрөөсү катары түшкөн. БШК 5 талапкерге күрөөсүн кайтарган. Мындан тышкары, мыйзамга ылайык, 5 пайыздан жогору алган үч талапкерге шайлоо күрөөсү кайтарылат. С.Жээнбеков, Ө.Бабанов жана А.Мадумаровго алардын каражаттары кайтарылды",-деп кошумчалады ал.

Үтүров билдиргендей, добуш берүүнүн 1-турун өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттан 35-40 млн сом үнөмдөлгөн. Ошентип, экинчи турду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттар менен өлкө бюджетине 170 млн сом кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий