• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шайлоонун бюллетендерин кол менен саноо эмнеге кечеңдеп жатат? БШК мүчөсүнүн жообу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев “Марал ФМ” радиосуна берген маегинде парламенттик шайлоонун бюллетендерин кол менен саноо эмнеге кечеңдеп жатканын айтты.

Жылкыбаев парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөнүн белгилеп, ал убакытты талап кыларын кошумчалады.

“Мурун партияларды эле санап койчу. Шайлоо аяктап участкалар жабылганда комиссия жана байкоочулардын көзөмөлүндө кайсы партияга канча добуш бергени саналчу. Азыркы шайлоодо бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлерди санап, тактап, протоколго кол коюп, ошол эле учурда байкоочуларга дүмүрчөгүн берет. Аларды бүтүргөндөн кийин партиялардыкына өтөт. Биринчи 21 партиянын өзүн, анан андагы 1 миң 6 талапкерди санап чыгышат. Ошондуктан убакыт созулуп жатат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөн.

Учурда кол менен 23,66 пайыз шайлоонун бюллетендери саналып бүттү. Ага ылайык, беш пайыздык босогону “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Ишеним”, “Ыйман Нуру”, “Альянс” жана “Эл үмүтү” партиясы ашып өттү.

Пикир

Оставить комментарий