• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди

Коом 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 26-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна тийиштүү өзгөртүү киргизилип, Шайырбек Абдырахман уулу КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Шайырбек Абдырахман уулу 1976-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Жогорку билимдүү: 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Көп жылдан бери журналистика жаатында эмгектенип келет. Кезинде ЭлТР Мамлекеттик телерадиокорпорациясын жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий