• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шайырбек Бопонов Чүй облустук ЖКККБнын башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Шайырбек Бопонов Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койгон.

Белгиленгендей, Бопонов бул кызматка конкурсттук тандоо боюнча өткөн.

Мурдараак ал 2017-жылдын декабрынан тарта Бишкек шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий