• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шах жана мат: Жаш кыргызстандыктар үчүн шахмат боюнча фестиваль өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Бишкекте эртең “Интеллектуалдуу бала – Кыргызстандын келечеги” аттуу шахмат боюнча фестиваль старт алат.

Фестивалда балдар үч жаш катогориясы боюнча 9дан 16 жашка чейин ат салышат.

Ал эми турнир өзү эки этапта өтөт: шахмат боюнча Федерациясынын имаратында тандоо, ал эми фестивалдын финалы 27-январь күнү “Bishkek Park” соода борборунда өтөт.

Жеңүүчүлөр кымбат байгелер менен сыйланат.

Андан тышкары ар бир катышуучу гроссмейстерлер тарабынан уюштурулган мастер-класска катыша алат.

0555 95 21 95 номуру аркылуу каттоодон өтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий