• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шахмат боюнча Азия чемпиону болгон кыргызстандык окуучулар Бишкекке кайтып келди

Спорт 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-декабрда Шри-Ланкада өткөн шахмат боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциянын директору Райымбек Токомбаев жана Шахмат федерациясынын өкүлдөрү, спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, 2-11-декбрь күндөрү мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандык спортчулар 41 медалга ээ болгон.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Классикалык шахмат боюнча биринчиликтин жыйынтыгы:

- 6 жеке медалдар:

1-орун - Элдияр Орозбаев (17 жашка чейин);

1-орун - Агния Куш (13 жашка чейин);

2-орун - Элим Кеңешбеков (11 жашка чейин);

2-орун - Эржан Жакшылыков (15 жашка чейин);

3-орун - Байэл Мурадылов (13 жашка чейин);

3-орун - Жибек Сагынбекова (9 жашка чейин).

Командалык медалдар: 4 күмүш жана 2 коло медаль.

Командалык упай:

1-орун – Индия – 8 медаль (5 алтын, 1 күмүш, 2 коло);

2-орун - Кыргызстан - 6 медаль (2 алтын, 2 күмүш, 2 коло);

3-орун - Өзбекстан - 2 медаль (2 алтын).

Классика боюнча 12 медаль;

Рапид боюнча 17 медаль;

Блиц боюнча 12 медаль.

Пикир

Оставить комментарий