• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Шахмат боюнча КР президентинин Кубогу. Жеңүүчүлөр аныкталды (тизме)

Спорт 0

Бишкек, 23.03.18. /Кабар/. Кыргызстан президентинин балдар арасындагы шахмат боюнча Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

КР шахмат федерациясынан кабарлашкандай, бардыгы болуп 10 жуп медаль ойнотулат, ал үчүн 6-14 жашка чейинки 401 жаш спортчу ат салышууда.

Турнир швейцариялык система боюнча 7 турдан турат.

2017-жылга салыштырмалуу Азалия Мирлан кызы бул жылы дагы эң жогорку көрсөткүчкө жете алды. Ал 14 жашка чейинки кыздар арасында биринчи орунду ээледи. 2018-жылы болгону 2 спортчу бардык 7 турда тең жеңишке жете алышты: 6 жашка чейинки кыздардын арасында Айжан Сабырбекова жана 8 жашка чейинки кыздардын арасында Айжан Съездбекова

Турнирдин жабылыш аземи жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 24-мартта болот. Жаш спортчуларга сыйлыктарды дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов тапшырмакчы.

Жеңүүчүлөрдүн жана сыйлык ээлеринин тизмеси:

6 жашка чейинкилер

Балдар

1. Алиаскар Бактыбеков — 6 упай

2. Асад Аманов — 5,5 упай

3. Дастан Ибраимов — 5,5 упай

Кыздар

1. Айжан Сабырбекова — 7 упай

2. Анандамей Даулет — 6 упай

3. Айсулуу Атайбекова — 5 упай

8 жашка чейинкилер

Балдар

1. Эмир Шаршенбеков — 6,5 упай

2. Султай Чыңгыз — 6 упай

3. Тенгиз Шукуралиев — 5,5 упай

Кыздар

1. Айжан Съездбекова — 7 упай

2. Яна Карташова — 5 упай

3. Агния Куш — 5 упай

10 жашка чейинкилер

Балдар

1. Нуриддин Юнусов — 6 упай

2. Селим Атамбаев — 6 упай

3. Султан Мусаходжаев — 5,5 упай

Кыздар

1. Азема Токтобекова — 6 упай

2. Аяна Абаева — 5,5 упай

3. Рамина Абдурахманова — 5 упай

12 жашка чейинкилер

Балдар

1. Тилекматали Сулайманов — 6 упай

2. Элдияр Орозбаев — 6 упай

3. Эржан Жакшылыков — 6 упай

Кыздар

1. Иманнур Момункулова — 6,5 упай

2. Арина Асанова — 6 упай

3. Айжылдыз Эсенбек кызы — 5 упай

14 жашка чейинкилер

Балдар

1. Нурсултан Сакибаев — 6 упай

2. Өмүрбек Керимкулов — 6 упай

3. Владислав Онуфриенко — 6 упай

Кыздар

1. Азалия Мирлан кызы — 6,5 упай

2. Нурай Советбекова — 5,5 упай

3. Адеми Кенжебаева — 5,5 упай

Пикир

Оставить комментарий