• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Шахтерлор шаары Сүлүктү Сооронбай Жээнбековду тандайт!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 25.09.17 /Кабар/. Сүлүктү шаарына экинчи жашоону Аймактарды өнүктүрүү программасы берет, деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда.

Анын айтымында, премьер болгон бир жарым жылда 40ка жакын жолу региондорду кыдырды. “Концепциянын алкагында 20 шаар тандалып алынды, аларды өнүктүрүүдөн баштайлы деп жатабыз. Эксперттердин изилдөөсү боюнча, бизде калктын 30 пайызын жеринде иш менен камсыз кылуу толук мүмкүн. Кайсы жерде болбосун ишкерлик жасаса болот. Ошондуктан, президент болуп шайланып калсам, алгачкы кадамым катары ар-бир райондун, керек болсо айылдын шартына жараша адамдарды иш менен камсыз кылуу программасы болот! Ар бир райондо кайра иштетүүчү ишканалар керек”, - деп белгиледи талапкер.

Сүлүктү шаарында ошондой эле таза ичүүчү суунун көйгөйү курч бойдон калууда. Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо Стратегиясынын алкагында 650 конуштарда суу объектилери салынып, оңдолуп, ишке берилерин эскертти. Бул максатка 30 млрд. сом талап кылынса, анын 19 млрд. сомдук каржы булагы аныкталды. Дагы 6,7 млрд. сомду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Элди таза суу менен камсыздоо үчүн 2015-жылы республикалык бюджеттен 40 млн. сом бөлүнсө, былтыр 100 млн. сом, ал эми быйыл булл сумманы 2 эсеге көбөйтүп, 200 млн. сом бөлүп бердик, деп билдирди ал.

“Бирок эң башкысы, албетте – булл шаардын көмүр өндүрүшүн жандантуу. Кыргызстандагы эң ири көмүр кенди бүгүнкү абалынан чыгарышыбыз керек. Топтолуп калган көйгөйлөрдү чечүүгө убакыт керек, бирок мен шайлоодо жеңсем, бултармактагы абалды сөзсүз оңдойм», - деп белгиледи талапкер.

«Сүлүктү шахта курулуш» ишканасынынбашкы инженери Марс Авязов бардык шахтерлор Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт деп ишенет. “Сүлүктү шаарындагы күргүштөгөнөндүрүш, жогору айлык акылары, өнүккөн, ыңгайлуу инфраструктурасына мурунку Союздун бардык эли кызыкчу. Бүгүн шахтерлор шары мурдагыдай эмес. Өндүрүштү калыбына келтириш керек. Менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтарыш керек. Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланып, шаарыбызга мурунку атак-даңкын кайтарып берет деп ишенем. Баарыңарды Сооронбай Жээнбековго добуш берүүнүздөрдү суранам”, - деп чакырды Марс Авязов шайлоочуларды.

Шаар тургуну Ойсара Кудайбердиева дагы талапкерге колдоосун билдирди. Ал Сооронбай Жээнбековдун 2010-жылдагы Ош окуяларда туруктуулукту алып келүү жана анны сактоо аракетин белгиледи. «Сиз ошондой эле губернатордун кызматында татыктуу иштегенсиз, Өзбекстан менен болгон чек ара маселесин чечүүдө эмгегиңиз баа жеткис. Биз Сооронбай Жээнбековго добуш беребиз!», - деп белгиледи Ойсара Кудайбердиева.

Сүлүктү шаарынын тургундары Сооронбай Жээнбековго Исхак Раззаковдой таза иштеп берет деген ишенич менен чыган уулунун сүрөтү түшүрүлгөн килемди белекке беришти. Алар булл белегин Ак үйдүн жетинчи кабатынан, келечектеги ажонун иш бөлмөсүндө илинип турганын көргүсү келээрин белгилеп өтүштү.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 25.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий