• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шакиев Аксынын Ак-Жол айыл аймагына салынып жаткан спорт залдын курулушу менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы №20 Отунчу Ташкулов атындагы орто мектептин спорт залынын курулушу менен таанышты.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, курулуш иштери 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, быйылкы жылдын май айында бүткөрүү пландалууда.

Төрага Нурланбек Шакиев спорт залды салып жаткан компаниянын өкүлдөрү менен баарлашып, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Андан соң жергиликтүү ал эл менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.

“Акыркы эки жылда мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык мекемелер арбын курулуп, айыл чарба жана жол тармагын өнүктүрүүгө ири көлөмдөгү каражаттар бөлүнүүдө. Айрыкча, айлык маяналар, жөлөк пулдар жана пенсиялар эселеп көтөрүлүп, бардык багыттарда маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда. Бул албетте чек эмес. Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсо, дагы далай ийгиликтерге жетишебиз”, – деди Шакиев.

Пикир

Оставить комментарий