• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шакиев: Бийлик өзүнө ылайыктап кабыл алган мыйзамдын келечеги болгон эмес

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” аталышындагы тегерек столго катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга ЖК депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада сөз эркиндигине байланышкан маселелерди ар тараптуу талкуулоонун маанилүүлүгүн белгилеген төрага Нурланбек Шакиев: “Кыргызстан аймактагы өлкөлөр арасында сөз эркиндигинин деңгээли боюнча ар убак айырмаланып келген. Андыктан бул артыкчылыкты туура пайдаланып, сөз эркиндиги менен катар жоопкерчилик да бар экенин унутпашыбыз керек”, – деди.

Ошондой эле Шакиев бул багытта демилгеленип жаткан мыйзам долбоорлорун кабыл алуудан мурун бардык тараптардын пикирин угуу максатка ылайык экенин айтты.

“Албетте идеалдуу мыйзамдар болбойт. Ар бир мыйзам учурдагы абалды гана эске алып жазылбастан, келечекке да багытталып даярдалышы кажет. Айрыкча бийлик өзүнө ылайыктап кабыл алган мыйзамдын келечеги болгон эмес, тескерисинче терс таасирин тийгизген. Буга байланыштуу демилгеленген долбоорлор боюнча бардык кызыкдар тараптардын пикирин угууга даярбыз”, – деди ал.

Муну менен катар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып жаткан материалдардын маани-маңызына токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы коомду алдыга сүрөй турган позитивдүү маалыматтарды көбөйтүүнүн зарылчылыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, жыйында эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү да сөз сүйлөп Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы жана аны келечеги боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Эскерте кетсек, иш-чара Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Адилет” укуктук клиникасы жана Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий