• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Шакиев Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Ысык-Көл облусундагы иш сапары Чолпон-Ата шаарында уланды, деп билдирет ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Алгач төрага аталган шаардагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууну тазалоочу борбор 1986-жылы курулуп, азыркыга чейин толук оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Андыктан жакынкы аралыкта Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен борборду оңдоо жана түтүктөрүн жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. 62 млн АКШ долларына барабар долбоорду ишке ашырууга багытталган макулдашууну ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери күтүлүүдө. Эгер долбоор толугу менен аягына чыкса борбордун кубаттуулугу дагы жогорулап, суткасына 10 миң куб саркынды сууну тазалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Муну менен катар борборго Чолпон-Ата шаарынан тышкары, Бостери жана Кара-Ой айылдары да кошулат.

Ошондой эле долбоордун алкагында көл жээгин бойлой жөө жүргүнчүлөр жана велосипед тебүүчүлөр үчүн атайын жол тилкеси курулуп, шаарда жайгашкан Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейи да жаңыланат.

Төрага Нурланбек Шакиев саркынды сууну тазалоо жагдайы боюнча кабардар экенин белгилеп: “Бул Чолпон-Ата шаарынын гана инфраструктуралык маселеси эмес, жалпы Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугуна тиешелүү чоң көйгөй. Андыктан туристтик шаарыбыздагы саркынды сууларды тазалоочу курулманы тез арада жаңылап, жаратылышка кам көрүү менен тургундарга жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүбүз кажет”, – деди.

Буга байланыштуу Министрлер кабинетин долбоорго тиешелүү эл аралык макулдашууну ратификациялоо маселесин парламенттин кароосуна киргизүүнү тездетүүгө чакырып, депутаттар мындай маанилүү маселелерди ыкчам карап берерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Төраганы Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Арсланбек Малиев, Жаныбек Кыдыкбаев, Максатбек Сарбагышев, Бахридин Шабазов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Министрлер кабинетинин тийиштүү өкүлдөрү менен жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий