• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаевди кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаевди кабыл алды.

Парламенттин баса сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев катышты.

Жолугушууда Конституциялык соттун судьяларын шайлоо жана алгачкы баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынынын 30 жылдыгына байланыштуу өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев эгемендүүлүк алган жылдардан бери Кыргызстандын Конституциясы бир нече ирет өзгөртүлүп, жаңыланганын белгилеп: “Бирок, ага карабай алгачкы баш мыйзам кабыл алынган күн тарых бетинде кала берет. Көз карандысыз Кыргызстан үчүн 5-майдын мааниси чоң”, – деди.

Муну менен катар Конституция талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөдө жана укук үстөмдүгүн орнотууда Конституциялык соттун салымы зор экенине токтолуп, соттун курамы иш билги, калыс адистерден куралышы керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаев мекеменин ишмердүүлүгүнө учкай токтолуп, “КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндөгү” президент Садыр Жапаровдун жарлыгы тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле парламенттин Конституциялык соттогу өкүлүн дайындоо жана анын макамын жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий