• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК төрагасы Конституциянын 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарага катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарага катышты.

Парламенттен билдиришкендей, маарекелик жыйынга депутаттар, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, башкы прокурор Курманкул Зулушев баштаган жетекчилер, парламенттин мурдагы чакырылыштарынын төрагалары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Төрага Нурланбек Шакиев КР Конституциясынын тарыхына токтолуп: “Бир нече жолу өзгөртүлгөнүнө карабай, мындан 30 жыл мурун Баш мыйзамыбыз кабыл алынган күн тарых бетинде кала берет. Анткени, 1993-жылы 5-майда эгемен Кыргызстандын жаңы багытына чыйыр салган алгачкы Конституция ишке кирген” – деди.

Муну менен катар 30 жыл аралыгында Конституция 9 жолу өзгөртүлгөнүн эске салган төрага: “Албетте мезгил талабына жана жаңы чакырыктарга ылайык, өзгөрүп турушу кажет. Бирок башкы маселе анын багытында жана көздөгөн максатында. Анткени көпчүлүк учурда баш мыйзамыбыз айрым жетекчилердин жана саясий топтордун жеке кызыкчылыгына карата жаңыланып келгени жашыруун деле эмес. Бирок акыркы референдумда калкыбыз мамлекеттеги бардык жоопкерчиликти бир кишиге жүктөгөн баш мыйзамды колдоп, мурдагыдай башаламандыкка чек коюлду”,– деди.

Муну менен катар азыркы Конституцияда адам укугуна жана сөз эркиндигине байланышкан бардык талаптар бекем сакталганын айткан Нурланбек Шакиев бул жаатта Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу алдыда экенин белгиледи.

“Орок оро албаган орок тандайт” – деген жакшы сөз бар. Анын сыңарындай, мыйзамдын жаманы болбойт, жаман мыйзамды да жакшы кылып иштетип кетиш ар бир жетекчинин, адистин жана жарандын колунда”,– деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий