• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шакиев: Кыргызстан ар дайым Борбор Азиядагы тыгыз кызматташтыкты жактап келет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын Түркестан шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин I форумуна катышты.

Форумду Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев ачып, андан соң башка парламент жетекчилери сөз сүйлөштү.

Өз кезегинде төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилери менен жүз көрүшүп жатканына кубанганын билдирип: “Парламенттер аралык форумду өткөрүү маселеси 2022-жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын IV Консультативдик жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анткени, Борбор Азия мейкиндигин байырлаган элдер руху, маданияты жагынан тектеш. Бизди тарыхый байланыштар менен катар, жакын коңшулук алака жана Улуу Жибек Жолу бириктирип турат. Андыктан, калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн уюштурулган бул аянтча конструктивдүү баарлашууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүп, чөлкөмдөгү ийгиликтер менен көйгөйлөрдү талкуулоого көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстан ар дайым аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнү, региондогу тынчтыкты чыңдоону жана Борбор Азиянын дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдөөнү жактап келгендигин эске салган Нурланбек Шакиев: “Саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү алакаларды арттыруу жаатында оң тенденциялар бар экени кубандырат. Мындан ары дүйнөлүк абалды жана өзгөчө кырдаалдарды эске алып, Борбор Азия мамлекеттеринин жаңы чакырыктарга жана каатчылыктарга каршы туруктуулугун жогорулатуучу кызматташтыкты өнүктүрүүбүз кажет. Айрыкча, чөлкөмдөгү өнүгүүнүн кыймылдаткычы эркин сооданы калыптандыруу, инвестиция тартуу, транспорттук-транзиттик инфраструктураны өнүктүрүү жана санариптештирүү экенин белгилейм. Андыктан бул жааттагы кемчиликтерди биргелешип чечип, тоскоолдуктарды жоюушубуз керек”, – деди.

Анын ичинен суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү жана натыйжалуу пайдалануу Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору экенин кошумчалады.

Муну менен катар айтылган маселелерди ишке ашырууда парламенттердин ролу жогору экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Жогорку Кеңеш үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери менен кызматташууну тереңдетүү жана бекемдөө артыкчылыктуу багыт болуп саналат”, – деп билдирди.

Ал эми Казакстан Республикасынын парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жакында эле Кыргызстанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында “Чыңгыз Айтматов – кыргыз-казак элинин руханий байлыгы” аталышындагы форумга катышканын эске салып: “Баарыбыз билгендей, даңазалуу калемгер ар дайым Борбор Азиядагы достукту, биримдикти жана тыгыз алаканы жактап келген”, – деди.

Ошондой эле форумда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты чыңдоо жана бул процессте парламенттердин ролу тууралуу баяндамалар жасалып, жыйынтыгында декларация кабыл алынды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов да катышты.

Пикир

Оставить комментарий