• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нурланбек Шакиев ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда ТүркПАнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланып, ассамблея алкагында парламенттер аралык алаканы арттыруу тууралуу сөз болду.

Нурланбек Шакиев быйыл Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму ийгиликтүү өткөнүн эске салып: “Анда кабыл алынган бардык чечимдер аткарылышы керек. Айрыкча, 2023-2028-жылдарга мерчемделген иш-чаралардын планын ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу кажет. Мында ТүркПАнын салымы чоң экени анык”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстан көптөгөн парламенттер аралык уюмдарга мүчөлүк кыларын белгилеген төрага: “Алардын ичинен ТүркПА алкагындагы кызматташтык өзгөчө орунга ээ. Боордош мамлекеттердин байланышын бекемдөөгө багытталган ассамблеянын ишмердүүлүгүн дайыма колдойбуз”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде, башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Кыргызстан Түрк мамлекеттеринин уюмун түптөөчүлөрдүн бири экенине токтолуп, өзү жетектеген Парламенттик ассамблея да бир тууган элдердин кызматташтыгын арттыруу максатын көздөрүн кошумчалады. Ага ылайык, катчылык тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу учкай маалымат берип, башка парламенттик уюмдар менен да жигердүү иш алып барып жатканын белгиледи.

Андан тышкары, жолугушууда алдыда пландалган иш-чаралар тууралуу да сөз болуп, анын ичинен ассамблеянын тармактык комиссияларынын отурумдарын уюштуруу маселеси көтөрүлдү. Тагырагы, кийинки жылы ТүркПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын отуруму Кыргызстанда өтөрү айтылды.

Эскерте кетсек, кезек боюнча Түрк мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын учурдагы төрагасы Нурланбек Шакиев эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий