• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шакиев Таш-Көмүр шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунан кабар алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, оорукананын кызматкерлери менен баарлашкан төрага түзүлгөн шарттын начардыгына карабай жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

“Таш-Көмүр шаары Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда жайгашкандыктан, жергиликтүү тургундардан тышкары, жолоочулар да ушул ооруканага кайрылышары белгилүү. Андыктан, шаар үчүн эле эмес, жалпы өлкө үчүн мааниси чоң бул медициналык жайды толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселесин атайын планга киргизебиз”, – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле мамлекет тарабынан саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын эске салган төрага: “Айлык маяналар көтөрүлүп, дарыгерлерге тийиштүү колдоолор көрсөтүлө баштады. Бирок бул чек эмес. Сиздердин татыктуу айлык маяна алып, жигердүү иштөөңөр үчүн алдыда дагы чоң иштер жасалат. Натыйжада чет өлкөгө кеткен тажрыйбалуу дарыгерлерибиз ата мекенине кайтып, медицинага кызыккан жаштарыбыздын катары көбөйөт деген ишеничтебиз”, – деп кошумчалады.

Муну менен катар борборго Жогорку Кеңештин төрагасы эки медициналык муздаткычкы тапшырды.

Белгилей кетсек, Таш-Көмүр шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун имараты 1958-жылы пайдаланууга берилип, азыр анда 6 бөлүм жайгашкан. 30 дарыгер, 114 орто медициналык кызматкерден турган жамааттын башкы талабы имаратты жаңыртуу жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо. Ошондой эле борбордо дарыгерлердин жетишсиздиги да негизги маселе.

Пикир

Оставить комментарий