• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жайыл, Панфилов райондорундагы авариялык абалдагы соцмекемелерден кабар алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жайыл жана Панфилов райондорундагы иш сапарынын алкагында бир катар социалдык мекемелердин абалынан кабар алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, төрага Сосновка айылына барып, №13 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан мекеменин абалы менен таанышты. Белгилүү болгондой, 1961-жылы курулган медициналык жай азыркы учурда авариялык абалда. Ага ылайык, Нурланбек Шакиев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаевге жаңы имарат куруу маселесин карап чыгуу тапшырмасын берди.

Андан тышкары, Панфилов районунун борборунан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Чорголо толук эмес орто мектеби да 1961-жылы курулуп, азыркы учурда авариялык абалда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жараксыз экендиги аныкталгандыгына карабай, азыр 72 окуучу билим алат. Чоң класстын окуучулары 15 чакырым жол басып, коңшу айылдагы мектепте окуусун улантышат. Андыктан Чорголо айылына 130 орунга ылайыкталган жаңы мектеп имаратын куруу зарыл.

Муну менен катар жолугушууда жергиликтүү эл аймакта жол жана сугат суу маселеси курч экенин маалымдашты.

Мугалимдер жана жергиликтүү эл менен баарлашып, айтылган көйгөйлөрдү уккан төрага быйылкы жылы өлкөдө социалдык мекемелер арбын курулуп, Бишкек шаарында эле 17 жаңы мектеп салынганын эске салды.

“Андыктан, ушундай ыргакта аймактарда да жаңы окуу имараттарын куруу улантылат. Мамлекет окуучуларга жана агартуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, билим берүү тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт бойдон кала берет. Мен да тоолуу райондо чоңоюп, борбордон алыс жайгашкан аймактардын көйгөйлөрүн жакшы билем. Түмөн түйшүктүү элет элинин жашоосун жакшыртуу жаатында айтылган бардык сунуштарды жана демилгелерди колдойм”, – деди Нурланбек Шакиев.

Пикир

Оставить комментарий