• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шакиранын бийи, “Желбиреген желек” ыры... Хитке айланган футбол гимнинин тизмеги

Дүр дүйнө 0


Футбол чемпионаты башталгандан бүткүчө өзүнүн ыры менен коштолуп, калың калктын сүймөнчүлүгүнө айланат эмеспи. Кээ бири атайын футболго арналып чыгарылбаса да бара-бара гимнге айланып келүүдө. “Кабар” маалымат агенттиги сиздерге футбол чемпионатындагы бүтүндөй элдин сүймөнчүлүгүнө айланган 10 ырды клиби менен сунуштайт.

Бул 10 хитти тизмектеп чыгуудан мурда 2018-жылдын июнунда баштала турган дүйнөлүк футбол чемпионатынын расмий гимни менен тааныштырсак.

2018-жылкы дүйнөлүк футбол чемпионатында расмий гимнине америкалык ырчы Джейсон Дерулонун “Өңдөр” (Colors) аттуу ыры аталды. Футбол чемпионаты Россиянын 11 шаарында өтүп, 14-июнунда башталып 15-июлунда жыйынтыкталат. Бул ыр хитке айланабы же жокпу аны убакыт көрсөтөт.

1. Алгачкы катарыбызда, албетте Шакиранын “Вака вака” Кезек Африкада (This Time for Africa) ыры. Аталган ыр 2010-жылы дүйнөлүк чемпионатында хит ыры менен бирге анын гимнине айланган. Шакиранын ыры гана эмес бийи да учурда көп бийлеген бийлердин катарын толуктап келет.

Түштүк Африка Республикасында өткөн дүйнөлүк футбол чемпионатынын финалына Испания менен Нидерландия чыгып 1:0 эсебинде Испания улуттук курама командасы жеңишке жеткен.Экинчи орунга Нидерландия илинсе, үчүнчү орунду Германия командасы илип кеткен. Эң мыкты дарбазачы Икер Касильяс Фернандес болуп, мыкты чабуулчу Томас Мюллер аталган.

Шакиранын “Вака вака” ыры 1986-жылы чыккан Алтын үн (Golden Sound) тобунун “Замбалиева” деген ырынан алынган. Бул ыр аскерлерге арналган ыр болуп, кыргызча которгондо “Ушуну жаса” башкача айтканда бараткан жолдон тайбай, максатыңа жеткин деген мааниде айтылат.

2. 2010-жылы К`Наандын “Желбиреген желек” (Waving Flag) аттуу ыры футболдун расмий ыры болбосо да, “Кока-Кола” компаниясы дүйнөлүк футбол чемпионатынын жарнамалык гимнине тандалып алынган. Бул ырды ондогон өлкө өз тилдерине которуп ырдап чыгышкан.

“Желбиреген желек” ыры футболдон тышкары өзү айтып тургандай мекенинин желегин желбиретип, патриоттук сезимди курчуткан ырлардын катарын толуктайт.

3.1962-жылы алгачкы расмий гимни дүйнөлүк футбол чемпионатына чыгарылган Лос Рамблестин “Рок дүйнөсү” (El rock del mundial) ыры болуп, алгачкы хитке да айланган. Лос Рамблестин ырынан тарта футболго арналган ырлар чыгарыла баштаган.

Дүйнөлүк футбол чемпионаты Чилиде 1962-жылы өтүп, Бразилия командасы Чехословакияны 3:1 эсебинде утуп алган. Ал эми, Чили командасы үчүнчү орунга жеткен. Бул оюнда мыкты чабуулчу бразилиялык Гарринча (Мануэл Франсиску дус Сантус) болгон.

4.1994-жылы 17-июнда АКШда болгон дүйнөлүк чемпионатта Квиндин “Биз чемпионбуз” (We are the champions) деген ыры хитке айланган. Азыркы учурда да жеңүүчүлөрдүн гимни катары коюлуп келинет.

Дүйнөлүк чемпионатта 4-ирет Бразилия курама командасы 1-орун алса, Италия менен Швеция кийинки орунду алышкан. Чабуулчу болгариялык Христо Стоичков жана россия-украиналык Олег Саленко болгон.

5.1998-жылы дүйнөлүк футбол чемпионатында Рики Мартиндин англисче которулган “Жашоо кубогу” (The Cup of Life) ыры чемпионаттын гимнине айланган.

Францияда өткөн чемпионатта Франция курама командасы биринчиликти алган. Экинчи орунду Бразилия алса, кийинки орунду Хорватия ээлеген. Мыкты оюнчу бразилиялык Роналдо аталган.

6. 2000-жылы Бельгия менен Нидерландияда өткөн Европа чемпионатында E-Typeдын “Чемпион – 2000” (Campione 2000) ыры гимн катары тандалып алынган. Бул ырды баарыбыз билсек керек, бүгүнкү күндө да футбол күйөрмандары угуп келүүдө.

Чемпионатта Франция курама командасы 2:1 эсебинде Италия курама командасын жеңип чыккан. Португалия менен Нидерландия үчүнчү сапты ээлешкен. Мыкты оюнчу Зинедин Зидан аталган.

7. 2012-жылы Европа чемпионатында Ошиананын (Oceana) “Чексиз жай” (Endless Summer) элдин жактырып уккан ырына айланган.

Европа чемпионаты Польша менен Украина жерлеринде 8-июндан 1-июлга чейин уланган. Испания биринчиликти алса Италия, Германия жана Португалия кийинки орундарды ээлешкен. Мыкты чабуулчу Марио Балотелли аталган.

8. 2014-жылы Бразилияда өткөн дүйнөлүк футбол чемпионатында Дженнифер Лопес, Путбуль (Армандо Кристиан Перес) жана бразилиялык ырчы Клаудия Лейтенин “Биз бирбиз” (We Are One) аттуу ыры расмий түрдө аталган чемпионаттын гимни болуп эсептелген.

Чемпионат өзгөчөлүгү жарым финалда Бразилия менен Германия беттешиндеги Бразилиянын курама командасы 7:1 эсебинде утулган. Бул жеңилүү Бразилия үчүн өтө чоң кайгы болгон жана бүтүндөй күйөрмандарын депрессияга алып келген.

Германия биринчи орунду алса Аргентина, Нидерландия кийинки саптарды толуктаган. Чемпионаттын бомбардири Хамес Родригес аталса, Мыкты оюнчу Леонель Месси болгон.

9. 2014-жылы 13-июлда дүйнөлүк футбол чемпионатынын жабылуу аземинде колумбиялык ырчы Шакиранын Ла-Ла-Ла (Dare (La La La)) ыры жаңырган. Күйөрмандарга аталган ыр көбүрөөк жакканы үчүн ФИФА чемпионаттын жабылуу аземине Шакираны чакырган.

10. 2016-жылы Епропа чемпионатында Дэвид Гетта менен Зара Ларссондун “Бул сен үчүн” (This ones for you) ыры элдин эсинде калып, бул ырга футбол жөнүндө видео-роликтер да тартылган.

Бул оюнда Португалия биринчи жолу тарыхта Европа чемпиону болду. Франция менен беттешинин кошулуп берилген убактысында бир гол менен чемпион аталган. Бирок, ага карабай мыкты чабуулчу франциялык Антуан Гризманн аталган.

Даярдаган Адил Төлөгөнов

Пикир

Оставить комментарий