• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Шал оорулуу 50 бала Новосибирсктен келген адистен жардам алышат

Коом 0

Бишкек, 10-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстанга балдардын шал оорусуна чалдыккан 50 балага жардам көрсөтүү үчүн Новосибирсктин дарыгерлердин келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызстандын ыктыярчылары” мекемесинин кызматкери Дания Кадыркулова билдирди.

“Адистердин келиши ушул жылдын август айына болжолдонууда. Азыр алардын келип кеткенге чейинки каражаты эсептелүүдө. Мындан улам биз ата-энелерге жардам бере турган демөөрчүлөрдү издеп жатабыз. Ушул дем алыш күндөрү “Дордой” базарында жардам чогулталы деп пландаганбыз. Ал үчүн бизге ыктыярчылар керек болуп жатат”,-дейт уюштуруучу.

Россиянын адистерин чакыруу демилгесин ата-энелер өздөрү көтөрүшкөн. Кадыркулованын билдиришинче, мындай иш чаралар буга чейин 2016- жылдары жүргүзүлүп, ал жакшы натыйжасын берген. Мындан улам шал ооруусуна чалдыккан балдардын ата-энелери бул жылы дагы аларды чакырууну чечишкен.

“Россиялык адистерди Кыргызстанга чакыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү ата-энелер өздөрү жүргүзүп жатат. Новосибирсктен келген доктурлар үч ай аралыгында реаблитациялык курс жүргүзүшөт. Буга чейин ата-энелер балдары менен Кытайга, Россияга жана башка өлкөлөргө барып келишкен. Бирок ал өтө кымбатка турат экен. Маселен бир курс дарыланууга 5000 доллар корогон учурлар болот”,- дейт Кадыркулова.

Бардык суроолор боюнча 0557038848 номери менен Дания Кадыркуловага кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий