• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Шамалды-Сайда 50 тоннадан ашык контрабандалык карбамид кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Шамалды-Сайда салмагы 50 тоннадан ашык контрабандалык карбамид кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, С.Т. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Volvo үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, аны текшерүү учурунда салмагы 25 миң кг болгон таңгакталган карбамид табылган. Товардын баасы 680 миң 250 сомду түзөт.

Ошондой эле Шамалды-Сай шаарында М.Т. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы унаадан 507 кап таңгакталган карбамид табылган. Жүктүн салмагы 25 миң 350 кг, баасы 1 064 700 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, жүк Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келген.

Материалдар Транспорт прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий