• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шамалды-Сайда жол кырсыгы болуп, бензовоз менен бир унаа кагылышты (фото)

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылында жол кырсыгы болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалык билдиргендей, жол кырсыгы бүгүн саат 07:30да Бишкек-Ош жолунун 473-чакырымында болуп, бензин ташыган унаа менен жүк-жүргүнчү ташыган унаа кагылышкан.

"Мерседесте" төрт киши болгон. Бир жүргүнчү каза тапты. Калган беш киши ооруканага жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгы "Мерседес" унаасы карама-каршы тилкеге чыгып кеткенден улам болгон.

Пикир

Оставить комментарий