• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Шамалдын кесепетинен Чон-Арыкта электр жарыгы үзгүлтүккө учурады

Коом 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Бүгүн, 30-майда, 07:16 чамасындагы катуу шамал жана жаан-чачын саат Чоң-Арык кыштагынын бир бөлүгүндө электр жарыгын үзгүлтүкө алып келди. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКсы билдирди.

Учурда аталган айылда чыңалуусуз 15 жакын трансформатор турат (15 фидер). Эртең менентен тарта “Түндүк электр” ААК Батыш райондук электр тармактарынын (РЭТ) жети электр куроочулар ыкчам-чыгуу бригадалары «Водоканал» көмөкчордонунан тараган 10 кВ аба чубалгысын жана башка электр жабдууларын карап чыгуу жана оңдоо менен алек.

Борбор калаабыздын Кара-Жыгач конушунда (Кереге-Таш, Тенир-Тоо көч.) жана Көк-Жар конушунда (Тон, Кок-Жайык көч.) Чыгыш РЭТнин 2 трансформатору чыңалуусуз калууда.

“Түндүк электр” ААК Чыгыш РЭТ электр куроочулары бузулган электр жабдууларды алмаштырууда. Аталган участоктордун электр жарыгы бүгүнкү күндүн экинчи жарымында калыбына келтирилет “, -деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий