• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Шамбала" тасмасы Индиядагы эл аралык кинофестивалда эки сыйлыкка татыды

Маданият 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Белгилүү кинорежиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Индиядагы эл аралык кинофестивалында "Мыкты тасма" жана "Шиважи Махарадж падышасынын глобалдык лидерлик" сыйлыгын жеңип алды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, эл аралык кинофестиваль Чатрапати Шиваджи шаарында өткөн.

Белгилей кетсек, “Шамбала” тасмасы буга чейин бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, бир нече сыйлыктарды жеңип алган. Тактап айтканда, 2021-жылдын апрель айында Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда “Ника” сыйлыгын, андан соң Калькуттадагы эл аралык фестивалда мыкты режиссура сыйлыгын жана башка бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

“Шамбала” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган.

Пикир

Оставить комментарий